Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал менен жолугушту

3401

2020-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал менен жолугушту.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Седат Өналга Кыргызстандагы ички саясий кырдаал жана Кыргыз Республикасында боло турган президенттик шайлоо жана референдум жөнүндө маалымат берди.

Тараптар 2021-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын жана коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган Кыргызстандагы кыргыз-түрк ишкерлер форумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK