Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен Түркиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын алкагында жашап туруу эрежелерин жеңилдетүү маселелерин талкуулады

3103

2020-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркиянын аймагындагы КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана анын алкагында жашап туруу эрежелерин жеңилдетүү маселелерин талкуулашты. Элчи К.Өмүралиев визалык режимди мындан ары жөнөкөйлөтүү же жокко чыгаруу жана иштөөгө уруксат кагаздарын тариздөө маселесин карап чыгууну өтүндү.

Түркияда көчөгө чыгууга тыюу салынгандыгына байланыштуу, Элчи Өмүралиев 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Референдум өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандарына сыртка чыгуу үчүн Түркиянын компетенттүү органдарынан уруксат алуу үчүн көмөк көрсөтүүнү сурады.

Анталья провинциясында жана ага коңшу аймактарда жашаган өлкөбүздүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, К.Өмүралиев Анталияда Кыргыз Республикасынын консулдук кеңсесин ачуу маселесин кароону тездетүү өтүнүчүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK