Жаңы 2021-жылыңыздар менен!
Урматтуу мекендештер!
Элчиликтин жамаатынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан сиздерди келе жаткан Жаңы 2021-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Узап бараткан 2020-жыл ар бирибизге өзгөчө жылдардан болду. Кирип келе жаткан 2021-жылды зор үмүт жана ишеним менен тосуп алып, жаңы жылга жаңы дем жана жакшы ой-тилектер менен кадам таштайлы.
Мекенден алыста иштеп, окуп жүрөсүздөр, эмгегиңиздер үзүрлүү болуп, аман болуңуздар!
Жаңырган жыл баарыбызга жагымдуу окуяларды жана бактылуу ирмемдерди, ошону менен бирге бекем ден-соолук, үзүн өмүр, бакыт жана бейпил жашоо алып келсин.
Урматтоо менен,
Кубанычбек Өмүралиев
Элчи