2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин астында №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды

3310

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Референдумду өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин астында №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

Түркияда дем алыш күндөрү көчөгө чыгуу боюнча чектөө иш-чараларынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркия Республикасынын тиешелүү мекемелери менен КРнын жарандарынын 2021-жылдын 10-январында КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылган.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK