Элчи К.Өмүралиев Россия Федерациясынын Элчиси А.Эрхов менен жолугушту.

3437

2021-жылдын 14-январында Элчи К.Өмүралиевдин Россия Федерациясынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Эрхов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Муну менен катар Россия Федерациясынын Түркиядагы Элчиси А.Ерхов Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоонун жана Референдумдун ийгиликтүү өтүшү жана Кыргыз Республикасынын жаңы Президентинин шайланышы менен куттуктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK