Элчи К.Өмүралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, Кыргызстан-Түркия парламенттик достук тобунун мүчөсү Нихат Йешил менен жолугушуусу болуп өттү.
2021-жылдын 15-январында Элчи К.Өмүралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, Кыргызстан-Түркия парламенттик достук тобунун мүчөсү Нихат Йешил менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык байланыштарды, ошондой эле маданий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстанда биргелешкен соода-өнөр жай ишканаларын түзүү маселелерин талкуулашты.
Депутат Нихат Йешил Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоонун жана Референдумдун ийгиликтүү өтүшү жана Кыргыз Республикасынын жаңы Президентинин шайланышы менен куттуктады.