2019-жылдын 30-январындагы Кыргыз Республикасынын экономика министри О.Панкратовдун Анкара шаарына болгон сапары

6054

2019-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын экономика министри О.Панкратов жетектеген кыргыз делегациясынын Анкара шаарына сапары болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын экономика министри О.Панкратовдун Түркия Республикасынын соода министри Рухсар Пекджан, Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин Төрагасынын орун басары Фаик Явуз жана Түркиянын подрядчиктер биримдигинин Төрагасынын орун басары Картал Услуэль менен жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушуу учурунда, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык тармактагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды, ошондой эле Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү боюнча бетачарлар көргөзүлдү. Жолугушууларда, инфраструктура, туризм, транспорт жана курулуш ж.б. жаатындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк проекттери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.Панкратов жана Түркия Республикасынын соода министри Рухсар Пекджан ортосунда, эки тараптуу кызматташтыкты координациялоо жана эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу максатында жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Иш сапардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.Панкратов жетектеген кыргыз делегациясы, Түркиянын жазуучулар биримдиги жана «Россия-Ислам өлкөсү» тарабынан уюштурулган Ч.Айтматовдун макалаларынын жыйнагынын бет ачар аземине арналган «Чынгыз Айтматов жана дүйнөлүк маданий мурас» аталган тегерек столго катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK