Элчи Кубанычбек Өмүралиев кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсүнө катышты

3349

2021-жылдын 12-февралында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы «Билкент борборунда» болуп өткөн “Ат - адамдын канаты” аттуу тематикадагы кыргыз сүрөтчүлөрү Болотбек Мамбетов менен Үмүт Мамбетованын сүрөт көргөзмөсүнө катышты.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Элчи К.Өмүралиев Б.Мамбетов менен У.Мамбетованын, ошондой эле «Билкент борборунун» сүрөт галереясындагы башка сүрөтчүлөрдүн көркөм чыгармалары менен таанышты.

Ошондой эле, «Билкент борборунун» жетекчилиги менен Элчи Өмүралиев жогоруда аталган сүрөт галереясында келечекте башка маданий иш-чараларды жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын көргөзмөлөрүн өткөрүү маселесин талкуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK