Элчи Кубанычбек Өмүралиев Мерсин провинциясынан Түркиянын парламентинин депутаты Бехич Челик жана аталган провинциянын Соода-өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү-ишкерлер менен жолугушту

3523

2020-жылдын 16-февралында, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Мерсин провинциясынан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Бехич Челик жана аталган провинциянын Соода-өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү-ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, тагыраак айтканда, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстанда өнөр-жай ишканаларын түзүү маселелерин талкуулашты. Элчи Өмүралиев Мерсиндин ишкерлерин өлкөбүздүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымдады.

Кыргызстандын төө буурчагы Мерсиндеги товардык биржа аркылуу экспорттолуп жаткандыгын эске алып, тараптар биздин өлкөдө төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK