Түркияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары жана милдеттери

4071

1.Түркияда жашап туруу укугун алуу (биринчи жолку кайрылуу):

- Жашап туруу укугун алуу үчүн e-ikamet.goc.gov.tr. сайты аркылуу Түркиянын аймагында визанын мөөнөтү же визасыз жүрүү мөөнөтү бүтө электе кайрылуу жасоо керек.

- Сиз система аркылуу арыздын формасын толтуруп, кайрылууну аяктагандан кийин, документтерди кабыл алуу убактысына чейин Түркиянын аймагында мыйзамдуу түрдө калуу укугун аласыз;

- Сиздин Түркияда жашап турууну өтүнгөн убакыттын башталышынан бүткөнгө чейин медициналык камсыздоонуз болушу шарт;

- Миграция боюнча башкармалыктын адиси Сиздин жашап туруу укугун алуу боюнча кайрылуунузду карап чыгып, кошумча документтерди талап кылышы ыктымал жана ал документтерди сизге берилген убакыт ичинде жеткирүү керек. Болбосо, кайрылуунуз жараксыз деп эсептелет;

-Жашап туруу укугун берген документ Сиз көргөзгөн  дарекке Миграция боюнча башкармалыктын Башкы дирекциясы тарабынан почта аркылуу жөнөтүлөт. Жашап туруу укугун берген документти ар дайым жанынызда алып жүрүңүз;

- документти алгандан кийин, 20 күн ичинде Даректерди каттоо системасына катталуу үчүн жашаган жериниздин Райондук жарандык абалдын актыларын каттоо башкармалыгына (ЗАГС) кайрылуунуз керек.

2. Жашап туруу укугун узартуу үчүн кайрылуу:

- Жашап туруу укугун узартуу үчүн, документиңиздин мөөнөтүнүн бүтөөрүнө 60 күн калгандан баштап, мөөнөтү бүткүчө e-ikamet.goc.gov.tr сайты аркылуу кайрылуунуз керек;

- Эгер Жашап туруу укугун узартуу үчүн кайрылганыңызда электрондук система документтерди кабыл алуу күнүн белгилебесе, 5 жумуш күнү ичинде Аймактык миграция боюнча башкармалыгына (İl Göç İdaresi Müdürlüğü) почта аркылуу арыздын формасын жана керектүү документтерди жөнөтүү керек. Арызды электрондук түрдө толтуруу шарт, документтерди колдон тапшыруу үчүн келгендер кабыл алынбайт.

- Жашап туруу укугун узартуу үчүн кайрылганызда дарек боюнча арызыныздын кабыл алынышы үчүн, мурунтан даректерди каттоо системасына катталуунуз керек. Батирди ижарага алуу туралуу келишим арыз тапшыруу үчүн жетишсиз. Кайрылууңуздун кабыл алынышынын баштапкы шарты  Даректерди каттоо системасында каттооңуздун болушу.

3. Өздүк маалыматты жанылоо:

- Дарегиңиз, үй бүлөлүк абалыңыз, паспорттогу өздүк маалыматыңыз өзгөргөн учурда 20 жумуш күнү ичинде Миграция боюнча башкармалыктын Башкы дирекциясына кайрылып, керектүү арыз берүү керек. Болбосо, Сизге штраф жазылат же жашап туруу укугуңуз жокко чыгарылат.

4. Жашап туруу укугун көргөзгөн документти жоготкон учурда:

- Жашап туруу укугун көргөзгөн документти жоготкон учурда дароо жакын арадагы полицияга кайрылып, документти жоготкондугуңуз тууралуу керектүү протокол жазуусун талап кылууңуз абзел. Ал протоколду Миграция боюнча башкармалыктын Аймактык дирекциясына (İl Göç İdaresi Müdürlüğü) берүү керек.

5. Жумушка орношууга уруксат:

- Чет өлкөлүк жарандардын жумушка орношуусуна уруксатты тариздөө Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министирлиги тарабынан ишке ашырылат. Жашап туруу укугун көргөзгөн документ Түркиянын аймагында иштөө укугун бербейт. Иштөөгө уруксаттын болушу жашап туруу укугун көргөзгөн документ берген бардык укуктарды берет. Иштөө уруксатынын мөөнөтү бүткөнгө чейин жашап туруу укугун берген документти алуу боюнча кайрылуунун кажети жок. Иштөө уруксатынын мөөнөтү бүткөн учурда же иштен кетүүнү ойлонуштуруп жатсаңыз жашап туруу укугун алуу үчүн кайрыла аласыз. Уруксатсыз эмгектенип жатканыңыз аныкталса, Сиздин жашап туруу укугуңуз жокко чыгарылат жана Түркиядан депортация болосуз.

Маалымат алуу үчүн байланыш номери: 170

6. Түркиянын жарандыгын алуу:

-  Түркиянын жарандыгын алууга кайрылуу укугун алган чет өлкөлүктөрдүн жарандык алуу жол жобосу, ошол чет өлкөлүк жаран каттоодо болгон аймактагы Жарандык абалдын актыларын каттоо башкармалыгы (İl Nüfus ve Vatandaşlık Müdürlüğü) тарабынан ишке ашырылат.

Маалымат алуу үчүн байланыш номери: 199

7. Кыймылсыз мүлк алуу:

- Түркияда кыймылсыз мүлк алуу боюнча бардык жол жоболорду Жер боюнча келишимдерди каттоо дирекциясы гана ишке ашырат (Tapu ve Kadastro Müdürlüğü).

Маалымат алуу үчүн байланыш номери: 181

Эскертүү: Жашап туруу укугун көргөзгөн документти алуу үчүн кайрылууда карточка чыгаруу, виза алуу жана башка мыйзамдуу чыгымдардан башка  эч кандай акча талап кылынбайт.

Миграция боюнча башкармалыктын Башкы дирекциясы тарабынан документтерди которуу жана нотариалдык бекитүү иштери жасалбайт.

Миграция боюнча башкармалыктын Башкы дирекциясы эч кандай ортомчу киши же фирма менен иш алып барбайт.

Электрондук түрдө жашап туруу укугуна кайрылуу үчүн www.goc.gov.tr интернет сайты аркылуу e-ikamet   баскычын тандаңыз. Кайрылуу жасоо жана кабыл алуу иштери үчүн эч кандай каражат талап кылынбаарын унутпаңыз.

Суроолор боюнча чет өлкөлүктөр үчүн маалымат берүү борборуна  157, ал эми чет өлкөдөн +90 312 157 11 22 номери аркылуу кайрылыңыз.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK