Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Президенттик улуттук китепканасынын башчысы Айхан Туглу менен жолугушту

3468

2021-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев  Түркиянын Президенттик улуттук китепканасынын башчысы Айхан Туглу менен жолугушту.

Жолугушууда Түркияда туруктуу жана убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы жарандык паспорт менен тоскоолдуксуз жана акысыз китепканага кирүүсү тууралуу макулдашылды.

Ошону менен бирге тараптар китепканачылык жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана аталган китепкана менен Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын ортосунда достук мамилелерди куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кошумча маалымат: Түркиядагы эң чоң китепкананын курулушу Түркия Республикасынын Президенти Р.Эрдогандын демилгеси менен 2015-жылы башталып, 2020-жылдын 20-февралында расмий ачылышы болгон. Китепкана Анкаранын Бештепе районунда жайгашкан Президенттик комплекстин бир бөлүгү болуп эсептелет. Анын коллекциясында 4 млн. басылма, 550 миң электрондук китеп,  120 млн. электрондук макала, кол жазма жана эски документтер бар. Китепканада кыргыз жазуучулардын кыргыз жана орус тилиндеги китептеринен турган “Кыргыз Бурчу” бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK