Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк Тарых Коомунун Башчысы проф. д-р. Бирол Четин менен жолугушту

3924

2021-жылы 2-мартында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк Тарых Коомунун Башчысы проф. д-р. Бирол Четин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тарых жана археология жаатында биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашылды, ошондой эле Коом менен Кыргыз Республикасынын тийиштүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында коомдун башчысы Б.Четин Кыргызстанда ар кандай тилдерде басылып чыккан басылмалардан жана электрондук китептерден турган тарыхый китепкананы ачууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK