2021-жылдын 10-мартында Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М.Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапар менен келет
2021-жылдын 10-мартында Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М.Чавушоглунун Кыргызстанга расмий сапары болот.
Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын Тышкы иштер министри М.Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.
Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык ж.б. чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.
Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.