Түркиянын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери

13930

Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечимине ылайык, 2021-жылдын 15-мартынан тартып Түркияга аба жолу аркылуу келе турган бардык жарандар учуудан мурун акыркы 72 сааттын ичинде https://register.health.gov.tr/ веб-сайтындагы электрондук форманы толтурушу керек. Анын натыйжасында автоматтык түрдө жеке HES-код берилет.

Маалымат үчүн: HES-коду (Hayat eve sigar мобилдик тиркемесинин аталышынын кыскартылышы - жашоо үйгө батат) - өлкөнүн ар бир тургунуна жана чет өлкөлүк жаранга берилген, жарандардын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген жана алардын Covid- 19 менен ооруганы же коронавирус менен ооруган адамдар менен байланышта болгону тууралуу маалыматты камтыган 10 же 12 орундуу номер.

Бул форма аэропортто рейске каттоо учурунда көрсөтүлүшү керек.

Жогорудагы көрсөтүлгөн сайттагы маалыматка ылайык, эгерде электрондук форманы толтурбасаныз же адаштыруу максатында туура эмес маалымат көрсөтсөңүз, сизди чек арада текшериши мүмкүн, укуктук же административдик чаралар колдонушу ыктымал. Андан тышкары, Түркияга кирүүгө тыю салынышы мүмкүн (эгерде Түркиянын жараны болбосоңуз же убактылуу/туруктуу жашаганга уруксатыңыз болбосо).

Бул форманын толтурулушу башка өлкөгө сапар тарткан транзиттик жүргүнчүлөр үчүн талап кылынбайт.

----------------------------------------------------------------------------------------------------

Түркия Республикасынын Өкмөтү Түркияга келе турган жүргүнчүлөр үчүн коронавируска ПЧР-тесттин терс натыйжасын көрсөтүү шартынын мөөнөтүн 2021-жылдын 15-апрелине чейин узартты. Анализ Түркиянын чек арасынан өткөнгө чейин 72 сааттан көп эмес убакытта жасалышы керек.

6 жашка чейинки балдар жана транзиттик жүргүнчүлөр ПЧР анализин тапшыруудан бошотулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK