Нооруз майрамына арналган иш-чарага чакыруу
![](/uploads/content/11158/b31ea7d2-1548-3830-848c-c12b3bb1069b.jpg)
Урматтуу мекендештер!
Элчилик Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитети менен биргеликте уюштурулган Нооруз майрамына байланыштуу иш-чарага бардык мекендештерди жана досторду чакырат. Иш-чаранын алкагында майрамдык концерт, улуттук буюмдардын (костюмдар, зер буюмдар, идиш-аяк, сувенирлер ж.б.) жана улуттук тамактардын көргөзмөсү, ошондой эле от жагуу, темир согуу жана оттун үстүнөн секирүү сыяктуу салттуу ырым-жырымдарды көрсөтүү пландалууда.
Биз менен бирге бул жагымдуу майрамды белгилөөгө жана жаздын келишине байланыштуу кубанычыбызды бөлүшүүгө чакырабыз!
Күнү жана убактысы: 2021-ж. 21-мартында саат 12:00до
Өткөрүү жери: Kalaba Türk Dünyası Meydanı
Дарек: Güçlükaya Mah., Cumhuriyet Caddesi, No:1 Keçioren/ANKARA