2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Референдум жөнүндө маалымат (бүткүл элдик добуш берүүгө)

3438

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында 2021-жылдын 11-апрелине (жекшемби күнүнө) “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Түркия Республикасынын аймагында убактылуу/туруктуу  жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде (№ 9036 УШК) шайлоо участогун бекитти.

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Консулдук каттоого турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар Элчиликтин дарегине добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул учурда Элчилик арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Арыз менен кайрылууну 2021-жылдын 27-мартына чейин жасоо зарыл, жарандар күн сайын саат 20:00 гө чейин кабыл алынат (дем алыш күндөрү дагы).

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук төлөмдөр алынбайт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан жана шайлоо участокторунда илинет.

Эгер шайлоочу тизмеде ката тапса, жаңылыштык кетсе же өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 27-мартына чейин  шайлоо участогунун комиссиясына арыз менен кайрылуусу зарыл.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет.

Добуш берүү үчүн шайлоочунун жанында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын  жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK