Элчи Кубанычбек Өмүралиев Хатай шаарынын Мэри Лүтфү Саваш менен жолугушту

3977

2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Хатай шаарынын Мэри Лүтфү Саваш менен жолугушту.

Мэр Л.Саваш Элчи К.Өмүралиевди түрк тилдүү дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү менен катар Ч.Айтматовдун дагы портрети жайгашкан түрк тилдүү элдер паркынын ачылышына катышууга чакырды. Ошондой эле Л.Саваш ушул жылдын декабрь айында өтө турган ЭКСПО 2021 Хатай ботаникалык көргөзмөсүнө кыргыз муниципалитеттеринин катышуусу боюнча өтүнүчүн билдирди. Көргөзмөнүн аймагында "Цивилизациялар багын", анын ичинде "Түрк багын" түзүү пландаштырылууда. Анда бардык түрк тилдүү мамлекеттердин павильондору орнотулмакчы.

ЭКСПО 2021 Хатай көргөзмөсүнө катыша ала турган Кыргызстандын бир шаары менен Хатай шаары ортосунда аймактар аралык кызматташтыкты жана туугандык мамилелерди орнотуу максатында, Элчи К.Өмүралиев шаар Мэри Л.Савашты бир катар Хатай ишкерлери менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Мэр Л.Саваш ушул жайда Кыргызстанга келүүнү каалагандыгын билдирди.

Маалымат катары: Хатай (тарыхый аталышы Антакья) - ушул эле аталыштагы провинциянын административдик борбору, Түркиянын түштүгүндө, Орто-Жер деңизинин чыгыш жээгинде жайгашып Сирия менен чектешет. Провинциянын калкы 1,6 миллионго жакын. Хатай провинциясындагы Искендерун порту ТРдагы эң ири порттордун бири. Дан, буурчак, зайтун, цитрус жемиштерин, жер-жемиштерди, жер семирткичтерди өндүрүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жана балык уулоо өнүккөн. 2012-жылы ЮНЕСКО Хатайга "Гастрономия шаары" наамын ыйгарган (бул статус Колумбиянын Попаян, Кытайдын Ченду жана Швециянын Эстерсунд шаарларына берилген).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK