Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Нооруз майрамына карата куттуктоосу

3806

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан Сиздерди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайм.

Байыртадан бери Нооруз тирүүчүлүктүн, жаратылыштын  жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Бул жаз жана жаңылануу майрамы биздин элибизге жакшылык, кубаныч жана мындан наркы өнүгүү алып келсин.

Мекенден алыста иштеп, окуп жүрөсүздөр, эмгегиңиздер үзүрлүү болуп, аман болуңуздар!

Бардыгыңыздарга чын ден соолук, бакыт-таалай менен аманчылык тилеймин.

 

Урматтоо менен,

                                                                    Кубанычбек Өмүралиев

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK