Элчилик Нооруз майрамына карата иш-чарага катышты
2021-жылдын 21-мартында Элчилик Анкаранын Кечиорен муниципалитети менен биргеликте Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарага катышты.
Иш-чаранын алкагында кыргыз артисттеринин катышуусу менен майрамдык концерт уюштурулду, кыргыз боз үйү тигилди, улуттук буюмдар (костюмдар, зергер буюмдары, идиш-аяк, сувенирлер ж.б.) жана улуттук тамак-аштар, от жагуу, темир согуу, оттон секирүү сыяктуу салттуу ырым-жырымдар көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө брошюралар жана буклеттер таратылды.
Нооруз майрамына арналган иш-чаранын жүрүшүндө Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин Башчысы Тургут Алтынок, ошондой эле Афганистандын, Казакстандын, Пакистандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Элчилери сөз сүйлөшүп, куттукташты.
Иш-чарага ошондой эле Түркиядагы кыргыз диаспорасынын жана этникалык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.
Ушул эле күнү Элчи Өмүралиев Түрк телерадиокомпаниясына (ТРТ) интервью берип, анын жүрүшүндө Кыргызстандагы Ноорузду майрамдоо каада-салттары жөнүндө айтып берди.