Элчи Кубанычбек Өмүралиев Жаңыдан Азия демилгесинин Координатору Нилвана Дарама менен жолугушту
![](/uploads/content/11330/03e0625f-c502-3d82-a951-6bc19c667161.jpg)
2021-жылдын 23-мартында Элчи К.Өмүралиев ТРнын Тышкы иштер министрлигинин Жаңыдан Азия демилгесинин Координатору Нилвана Дарама менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Дарама Түркиянын Президенти Т.Р.Эрдоган 2019-жылы биринчи жолу жарыялаган "Жаңыдан Азия" тышкы саясий демилгеси жөнүндө маалымат берди.
Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев бул демилгенин маанилүүлүгүн белгилеп, анын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экендигин билдирди.