Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттеринин энергетика боюнча биримдигинин конгрессинин панелдик сессиясына катышты

3319

2021-жылдын 31-мартында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Энергетика боюнча Стратегиясын жана Саясатын Изилдөө Борбору (TESPAM) тарабынан уюштурулган Түрк (мамлекеттеринин) энергетика боюнча биримдигинин конгрессинин онлайн панелдик сессиясына катышты.

Иш-чарага Афганистандын, Казакстандын жана Пакистандын Элчилери, Азербайжан парламентинин депутаты, ошондой эле энергетика жаатындагы адистер, илимпоздор жана ар кандай фонддордун, университеттердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи К.Өмүралиев Кыргызстандын энергетикалык потенциалы жөнүндө презентация жасап,  инвестициялык долбоорлор жөнүндө айтып берди. Муну менен катар, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга, ошондой эле Кыргызстандын жаңылануучу энергия булактары жаатындагы зор потенциалына көңүл бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK