Хатай шаарына болгон иш сапарынын алкагында Элчи К.Өмүралиев Хатайдын Соода-Өнөр Жай Палатасында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту

3241

2021-жылдын 3-апрелинде Хатай шаарына болгон иш сапарынын алкагында Элчи К.Өмүралиев Хатайдын Соода-Өнөр Жай Палатасында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүү (либералдуу салыктар, бизнес жүргүзүүгө чыгымдар ж.б.), макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын тышкы соодасы туралуу презентация жасады. Элчи К.Өмүралиев ишкерлерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, ошондой эле алардын суроолоруна жооп берди. Жолугушууга Хатай провинциясынан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары катышты.

Ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууну жана өлкөнүн экономикасына инвестиция салууну каалаган Хатайдын Соода-Өнөр Жай Палатасынын ишкерлери менен өзүнчө жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында ишкерлер Кыргызстанга ушул жылдын июнь айында Хатай шаарынын Мэри менен келүүнү каалашкандыгын билдиришти.

Иш сапардын алкагында Хатайдагы Антакья жана Искендерун муниципалитеттеринде жайгашкан ЭКСПО 2021 Хатай көргөзмө жайларына дагы зыярат кылынды.

Маалымат катары: Хатай (тарыхый аталышы Антакья) - ушул эле аталыштагы провинциянын административдик борбору, Түркиянын түштүгүндө, Орто-Жер деңизинин чыгыш жээгинде жайгашып Сирия менен чектешет. Провинциянын калкы 1,6 миллионго жакын. Хатай провинциясындагы Искендерун порту ТРдагы эң ири порттордун бири. Дан, буурчак, зайтун, цитрус жемиштерин, жер-жемиштерди, жер семирткичтерди өндүрүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жана балык уулоо өнүккөн. 2012-жылы ЮНЕСКО Хатайга "Гастрономия шаары" наамын ыйгарган (бул статус Колумбиянын Попаян, Кытайдын Ченду жана Швециянын Эстерсунд шаарларына берилген).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK