Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри Алмамбет Шыкмаматов Түркиянын Палаталар жана биржалар союзунун (TOВВ) Президенти Рифат Хисаржыклыоглу баштаган түрк делегациясы менен жолугушту

2956

2021-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча министри Алмамбет Шыкмаматов Түркиянын Палаталар жана биржалар союзунун (TOВВ) Президенти Рифат Хисаржыклыоглу баштаган түрк делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу 2021-жылдын 13-14-майындагы түрк делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында болду.

Жолугушуунун максаты – Түркиянын Палаталар жана биржалар союзу (TOВВ) менен кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде ушул жылдын 8-9-июлуна Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө көздөлгөн кыргыз-түрк бизнес-форумунун концепциясын аныктоо болду. Өз кезегинде Рифат Хисаржыклыоглу бул форумду Түрк Кеңешине мүчө башка мамлекеттердин катышуусунда өткөрүү сунушун айтты.

Министр Кыргыз Республикасынын негизги инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди жана биринчи кезекте биргелешкен ишканаларды жана өндүрүштөрдү ишке ашыруу багытында Түркиянын палаталар жана биржалар союзу (TOВВ) менен кызматташууга ниеттенгендигин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар жакынкы келечекке биргелешкен пландарды иштеп чыгуу менен энергетика, айыл-чарба жана жеңил өнөр-жай тармактарында болгон потенциалды жогорулатуу жагынан кызматташууну туруктуу өнүгүү траекториясына жеткирүү ниетин белгилешти.

Жолугушуу ачык жана конструктивдүү диалог форматында өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK