Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Кыргызстанда жаңы дайындалган Элчисинен ишеним грамоталарын кабыл алды

3000

2021-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Догандан ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын кабыл алган соң, Мамлекет башчысы Элчини кабыл алып, ал менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады.

Ошондой эле, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Элчинин дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстандагы ишинде алдыга койгон бардык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Элчинин эл аралык бай тажрыйбасы өлкөлөрдүн ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызмат кыла тургандыгына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын Элчиси Ахмет Садык Доган жылуу кабыл алгандыгы үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, тигил же бул маселелерди чечүүдө Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоонун оңтойлуу жолдорун табуу үчүн бардык билимин жана тажрыйбасын пайдаланууга болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыгына ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK