Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына иш сапарынын алкагында, 2021-жылдын 10-июнунда саат 13:00дө Анкара шаарындагы «JW Marriott Ankara» мейманканасында Кыргыз Республикасынын жарандары жана Түркияда жашаган этникалык кыргыздар менен жолугушуусу өткөрүлөт.
Элчилик жарандарды иш-чарага активдүү катышууга чакырат. Катышууну тастыктоо үчүн 2021-жылдын 8-июнуна чейин kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук дарегине төмөнкү маалыматтарды жөнөтүү керек: толук аты-жөнү, кесиби, жашаган жери жана байланыш телефону.
Жолугушуу убактысы Президент С.Жапаровдун Түркия Республикасындагы расмий жолугушууларынын графигин жана иш-чарага катышуу үчүн Анкара шаарына Түркиянын башка шаарларынан келе турган жарандардын катышуусун эске алуу менен белгиленди.
Ошол эле учурда, жолугушуу Түркиянын санитардык-эпидемиологиялык талаптарын так сактоо менен өткөрүлөөрүн белгилейбиз. Ушуга байланыштуу жолугушуу болгон жерге 30 мүнөт мурун келүүнү сунуштайбыз.
Жергиликтүү бийликтин жогоруда жазылган талаптарын эске алуу менен иш-чаранын кире беришинде жергиликтүү коопсуздук кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлөт. Ошондуктан жаныӊызда өздүгүңүздү тастыктаган документ болушун өтүнөбүз.
Мейманкананын дареги: Söğütözü, Kızılırmak Mah. Muhsin Yazıcıoğlu Cad. No: 1, 06520 Ankara