Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Соода министри Мехмет Муш менен жолугушту

2649

2021-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Соода министри Мехмет Муш менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарын, ушул жылдын жай айында өтө турган Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын өткөрүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Мехмет Мушка Кыргызстандагы ишкерлер үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана биздин өлкөнүн энергетика тармагындагы потенциалы жөнүндө маалымат берди. К.Өмүралиев ВСП + программасынын алкагында Европа Биримдигинин базарына кыргыз продукциясынын 6200 түрүн бажы салыгы жок экспорттоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

К.Өмүралиев ЕАЭБдин башка мүчөлөрү менен макулдашкандан кийин Түркия менен жеңилдетилген соода жөнүндө келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгиледи.

Министр Мехмет Муш Кыргызстандын айыл чарба, энергетика жана жер казынасын пайдалануу жана башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, ошондой эле түрк тарабы ЕАЭБ менен жеңилдетилген соода жүргүзүү жөнүндө келишим түзүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK