Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Вице-Президенти Ф.Октайдын Улук кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту

2451

2021-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Вице-президенти Ф.Октайдын Улук кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2021-жылдын 6-7-августунда Чолпон-Ата шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 10-жыйынынын жана анын алкагында Бизнес-форумду өткөрүү маселелерин талкуулашты. Элчи Өмүралиев ӨАКнын жыйынтыктоочу документтерин 2021-ж. 9-июнунда Анкара шаарында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча башкы кеңешинин 5-отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Президенттеринин Биргелешкен билдирүүсүндө чагылдырылган маселелерди эске алып, кылдаттык менен даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар түрк ишкерлеринин Кыргызстандагы энергетика, тоо-кен, айыл чарба тармактарына инвестициялоосу керектигин белгилешти жана ошондой эле биздин өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана катышкан компаниялар жөнүндө презентациялар жасала турган Бизнес-форумда жана B2B жолугушууларда эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусун макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK