Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты жана Улуттук билим берүү, маданият, жаштар жана спорт комитетинин мүчөсү Зейнеп Йылдыз менен жолугушту.
2021-жылдын 23-августунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынан, Анкара провинциясынан депутаты, ошондой эле Улуттук билим берүү, маданият, жаштар жана спорт комитетинин мүчөсү Зейнеп Йылдыз менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты жана маданият тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.