Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкаранын Кечиорен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынокко Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды

2269

2021-жылдын 26-августунда Элчиликте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкаранын Кечиорен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынокко Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Маалымат үчүн: 1994-жылдагы шайлоодо Т.Алтынок Улуттук кыймыл партиясынан Анкаранын Кечиорен муниципалитетинин башчысы болуп шайланган, 1999-жылдагы шайлоодо Бакубатчылык партиясынан башчы болуп шайланган, 2004-жылы Адилеттик жана Өнүгүү партиясынан башчы болуп шайланган, ал эми 2014-жылдагы шайлоодо Улуу Биримдик партиясынан Анкаранын Кечиорен муниципалитетинин башчылыгына талапкер болгон. 2019 -жылдын 31-мартында жергиликтүү шайлоодо ал башкаруучу Адилеттик жана Өнүгүү партиясынан Анкаранын Кечиорен муниципалитетинин башчысы болуп шайланды.

Анкаранын Кечиорен муниципалитетинин Каракол шаары жана Бишкек шаарынын Ленин району менен боордош мамилелери бар. Т.Алтыноктун активдүү жардамы менен муниципалитеттин аймагында, Ч.Айтматов атындагы жана Кыргызстан-Манас атындагы парктардын жана Ч.Айтматовдун ушул эле аталыштагы паркындагы эстелиги ачылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK