Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин куттуктоосу

2784

Урматтуу мекендештер,

Сиздерди өзүмдүн жана Элчиликтин жамаатынын атынан мекенибиздин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Көз карандысыздыкка жетүү үчүн ата-бабаларыбыз тарыхтын узун жолун басып өткөн. Ошондуктан, бүгүнкү эгемендик улуу муундардын бизге калтырган аманаты жана аны урпактарга өткөрүп берүү биздин милдетибиз.

Өткөн 30 жыл ичинде жаш өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга жана башынан өткөргөн кыйыштуу окуяларга карабастан, ийгиликтерге жетишип, өнүгүү жолунда келе жатат. Учурда биздин максат улуу көчтү улантуу болуп саналат.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайм.

Арабыздан ынтымак кетпесин, асманыбыз дайыма ачык болсун!

Мындан мурун кабарлангандай 31-августта эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Анкаранын Кечиөрен районунунун борбордук майданында тургузулган Айкөл Манас Атабыздын эстелигинин ачылыш аземине баарыңыздарды күтөбүз.

Урматтоо менен,

                                                                                   Кубанычбек Өмүралиев

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK