Элчи Кубанычбек Өмүралиев Тажикстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган Ашрафжон Гулов менен жолугушту

2141

2021-жылдын 27-августунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Тажикстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган Ашрафжон Гулов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле Анкарадагы дипломатиялык корпустун катышуусу менен бир катар иш-чаралар талкуулашты.

Элчи Өмүралиев кесиптешин дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK