Элчи Кубанычбек Өмүралиев "Түрк дүйнөсүнүн жаш лидерлери 2021" программасын ийгиликтүү аяктаган Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан катышкан бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземине катышты

2363

2021-жылдын 26-августунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы тарабынан уюштурулган Евразия жаштар мектебинин "Түрк дүйнөсүнүн жаш лидерлери 2021" программасын ийгиликтүү аяктаган Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан катышкан бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземине катышты. Программаны бүтүрүү сертификатын 36 студент алды, алардын ичинен он үчү Кыргызстандан.

Ошондой эле аталган аземге Башкармалыктын башчысы Абдулла Эрен, Өзбекстандын Элчилигинин өкүлдөрү жана ММКнын өкүлдөрү катышышты.

Элчи К.Өмүралиев бүтүрүүчүлөрдү сертификатты алышы менен куттуктап, мындан аркы өнүгүүсүндө жана карьералык өсүшүндө ийгиликтерди каалады.

Эртеси күнү студенттер Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Элчилик жана Анкара шаарынын мэриясы тарабынан “Zafer” соода борборунун Көркөм галереясында уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнө катышышты.

Маалымат катары: Евразия жаштар мектеби 2021-жылдын май айында Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 105 студент катышкан. Программанын максаты - Евразия өлкөлөрүндө жашаган түрк жаштарынын башын бириктирүү жана интеграциялоо. Программа 3 ай боюнча өткөрүлүп, аны ийгиликтүү аяктаган 36 студент үчүн Түркияга маданий саякат уюштурулган.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK