Мамлекеттик кыргыз-түрк достук оруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады

3470

2021-жылы 26-августта Бишкектеги мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасын ачу аземи КРнын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, TIKA уюмунун өкүлү Осман Уста жана түркиялык дарыгерлердин катышуусунда өттү.

2021-жылдын июль айында Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы Кыргызстанда жолугушуулар өткөрүп, анын жыйынтыгында август айынын башында 30 дарыгер жана техникалык адистер келип ооукананы бейтаптарды кабыл алууга даярдашты.

Учурда оорукана өзүнүн негизги милдетин аткарып, жарандарга жогорку технологиялуу медициналык кызматтарды көрсөтүү максатында өз эшигин ачты.

“Бүгүн кыргызстандыктар көптөн күткөн күн. Бишкектеги мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасы медициналык жардамга муктаж бейтаптарды кабыл алууга даяр. Бейтапканада жогорку технологиялуу операциялар жана дарылоо жүргүзүлөт. Бул биздин жарандарыбызга чет жакка чыкпастан дарыланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Баштапкы этапта оорукана жүрөк, кан тамыр жана торакалдык оорулары бар бейтаптарды кабыл алат. Азыркы тапта түркиядан келген дарыгерлер иш алып барышууда, ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жергиликтүү адистерди тандап алуу иштери жүргүзүлүүдө. Макулдашууга ылайык, оорукана 3 жыл аралыгында Кыргызстан-Түркия тарабынан ортоктош башкарылат. Бул  адистештирилген оорукана бейтаптарды башка мамлекеттик ооруканалардын жолдомосунун негизинде гана кабыл алат. Дарылоо процесси, башка ооруканалардагыдай эле, мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жүргүзүлөт. Ушул жылдын октябрь-ноябрь айларында кошумча гастроэнтерология жана жалпы хирургия бөлүмдөрүн ачууну пландап жатабыз. Оорукана иштөөгө толук кандуу даяр болгондо, эки өлкө башчыларынын катышуусу менен расмий ачылыш аземин уюштуруу пландаштырылууда” - ,деп билдирди саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Ооруканада жалпысынан 72 койко-орун бар, анын 21и жандандыруу бөлүмү. Бейтапкана ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф ж.б. көптөгөн заманбап илдетти аныктоочу аппараттар менен жабдылган.

Оорукана көрсөтүүчү медициналык кызматтардын тизмеси жана баасы Монополияга каршы комитет тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген. Чет өлкөдөн келген жарандар өзүнчө прейскуранттагы акы төлөнүүчү медициналык кызматтарга ээ болушат.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайты http://med.kg

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK