Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркиядагы туристтик аймактардын бири Каппадокияда Кыргыз Республикасынын туусу аба толтурулган шар менен учурулду

3041

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында жана Кыргызстанды таанытуу максатында, 2021-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Невшехир аймагынын Үчхисар муниципалитети менен биргеликте, Түркиядагы эң белгилүү туристтик аймактардын бири Каппадокияда Кыргыз Республикасынын туусун аба толтурулган шар менен асманга учуруп, андан кийин тарыхый  Үчхисар сепилине илишти. 30-август ошондой эле Түркия Республикасынын Жеңиш күнү болгондуктан Түркия Республикасынын туусу да чогуу учурулду.

 

Кошумча маалымат: Каппадокия аймагы жаратылыш кооздугун бийиктиктен көрүү максатында туристтик аба толтурулган шарлары менен белгилүү.

Үчхисар сепили 1985-жылы ЮНЕСКОнун  маданият жана жаратылыш жаатындагы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген, жанар тоолордон чыккан лавалардан табигый жолдор менен пайда болгон кооз дөңсөөлөр жайгашкан тарыхый Каппадокия аймагындагы аска тоо.

Рим империясынын учурунда адамдар Үчхисар сепилиниин бооруна үйлөрдү, коргонуучу жана сыйынуучу жайларды оюп, душмандан коргонуу үчүн колдонушкан. Аталган сепил түрктөрдүн Селчук мамлекетинин доорунда 12-14 кылымда да пайдаланылган. 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK