Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде кыргыз эпосунун баатыры Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү

2624

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында кыргыз эпосунун баатыры Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп видеокайрылуу жасап, болуп жаткан салтанаттуу аземге байланыштуу куттуктоолорун билдиришти.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров видео кайрылуусунда Түркияда Айкөл Манастын эстелигинин ачылышы түрк боордоштордун кыргыз элинин көз карандысыздыгына жана мамлекеттүүлүгүнө болгон сый-урматы катары кабыл алынганын белгиледи.

Өз кезегинде түрк парламентинин Төрагасы Мустафа Шентоп кайрылуусунда Манас эпосу кыргыз элинин миң жылдык тарыхын жана генетикалык түзүлүшүн сактаган жана анын маданиятын жана жашоо образын чагылдырган уникалдуу көркөм чыгарма экенин баса белгиледи.

Эстеликтин ачылышына Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, депутаттар, Түркияда аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле бир катар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандары катышышты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок саламдашуу жана куттуктоо сөздѳрүн сүйлѳштү.

Өз сөзүндө Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Айкөл Манастын эстелигинин ачылышы символикалуу экенин белгилеп, бул эстелик эки элдин түбөлүктүү достугунун символу болуп калаарына ишенимин билдирди. Ал ошондой эле 1995-жыл кыргыздын улуттук “Манас” эпосунун миң жылдыгын майрамдоо жылы деп жарыяланганына жана 2013-жылы улуу эпостун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендигине көңүл бурду. Мындан тышкары, ал "Манас" эпосу кыргыздардын же башка түрк элдеринин жашоосун гана чагылдырылбастан, түрк элдери менен экономикалык жана дипломатиялык мамилелери бар чет мамлекеттердин тарыхы жана маданияты тууралуу кызыктуу маалыматтарды камтыганын белгиледи. Соңунда Кечөриен муниципалитетине жана эстеликти тургузууга салымын кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.

Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок өз сөзүндө "Манас" эпосу дүйнөдөгү эң узун эпос экенин белгилеп, элди биримдикке, бир туугандыкка жана ынтымакка чакырган, мамлекеттик башкарууну жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды баяндаганын билдирди.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө  комуз менен кыргыз күүлөрү чертилип, Кыргызстан тууралуу видео клип жана "Манас" эпосунан фотокомпозициялар көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK