Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү
Урматтуу мекендештер жана достор!
Баарыңыздарды 6-16-сентябрь аралыгында Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Улуттук китепканасынын Divan залында өтө турган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнө чакырабыз. Сүрөт көргөзмөнүн расмий ачылышы 6 -сентябрда саат 14: 00дө болот.
Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлат.
Дареги: T.C. Cumhurbaşkanlığı Külliyesi, Beştepe, Yenimahalle