Жогорку Соттун Төрайымы Нургуль Бакированын Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа менен расмий эки тараптуу жолугушуусу

2430

Кыргыз Републикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиядагы  иш сапарынын алкагында,  Түркиянын  Кассациялык сотунун  төрагасы Мехмет Акаржа  менен расмий жолугушту.

Жолугушууда Жогорку соттун төрайымын Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев коштоп жүрдү.

Тараптар эки өлкөнүн  сотторунун ортосундагы кызматташтык, өз ара байланыштарды бекемдөө тууралуу талкуу кылышты.

Нургүл Бакирова Түркиянын Сот жылынын ачылыш аземине жана «Апелляциялык соттордогу мыкты тажрыйбалар» эл аралык симпозиумуна катышууга чакыргандыгы  үчүн Мехмет Акаржага ыраазычылык билдирип, иш чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

Кыргызстан менен Түркияны кылымдык тарыхы жана маданияты байланыштырып турарын, эки өлкөнүн  элдеринин ортосундагы терең байланыштар жыл сайын бекемделип жаткандыгын айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Нургүл Бакирова түрк тилдүү мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү демилгесин көтөрдү. Мехмет Акаржа  бул демилгени толук  колдой тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Мехмет Акаржа Түркияда өткөн  “Апелляциялык соттордогу алдыңкы тажрыйбалар” деген аталыштагы эл аралык симпозиумда жана конференцияларда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгүн  кошумчалады.

Тараптар эки өлкөнүн  сотторунун  ортосундагы тажрыйба алмашуу достук мамилелерди чыңдоого жаңы дем берип, укуктук кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимдерин белгилешти.

Нургүл Бакирова эки тараптуу кызматташтыкты жаңы  деңгээлге чыгаруу максатында  Түркиянын  Кассациялык сотунун  төрагасы Мехмет Акаржаны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Тараптар бири-бирине белек тапшырышып,  эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы  байланыштарды бекемдей тургандыгын билдиришти.

.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK