Түркиянын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү

2178

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 6-сентябрында Президенттик комплекстин ичинде жайгашкан Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги тарабынан уюштурулган фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага ТРнин Биринчи айымы Эмине Эрдоган, Элчи Кубанычбек Өмүралиев, ТРнын Президентинин Аппаратынын Башкы директору Махмут Казан, китепкананын башчысы Айхан Туглу, Президенттик администрациянын өкүлдөрү, китепкананын зыяратчылары, кыргыз студенттер жана Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандар, ошондой эле Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Көргөзмөдө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун чагылдырган тарыхый кооз жерлерди, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган 60 сүрөт, ошондой эле "Манас" эпосунан алынган композициялар көрсөтүлдү.

Сүрөт көргөзмөсү үч ай бою ар кандай жайларда көрсөтүлгөн бир катар көргөзмөлөрдүн уландысы болуп саналат. Көргөзмө 2021-жылдын 16-сентябрына чейин уланат, Анкаранын бардык тургундары жана коноктору үчүн кирүү акысыз

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK