Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагындагы жолугушуулар

3045

2021-ж. 5-октябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев жетектеген кыргыз делегациясынын Туркияга иш сапарынын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Министр Д.Бекмурзаевди кабыл алды.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Спикер М.Шентоп ушул жылдагы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды, анын ичинде сапарлар менен алмашууну белгиледи. Түрк тарап 2020-жылга салыштырмалуу ү.ж. 7 айында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 55%га жогорулаганын белгилеп, Кыргызстандын жана Түркиянын энергетика министрликтеринин ортосунда кол коюу көздөлгөн энергетика тармагындагы кызматташуу пландары боюнча Протоколдун аткарыларына ишенимин билдирди.

Түркияга болгон иш сапарынын алкагында ү.ж. 5-6-октябрында КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Д.Бекмурзаев ТРнын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез жана ТРнын Өнөр-жай жана технологиялар министри Мустафа Варанк менен жолугушту.

Министр Дөнмез менен болгон жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын энергетика жаатындагы кызматташтыгын талкуулашты. Министр Бекмурзаев түрк кесиптешине биздин өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы жөнүндө маалымат берди жана түрк компанияларын Кыргызстанда ГЭСтердин курулушуна инвестиция салууга чакырды, ошондой эле өндүрүлгөн электрэнергиясын башка өлкөлөргө, анын ичинде CASA-1000 долбоорунун алкагында Ооганстан менен Пакистанга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин белгиледи.

Министр Дөнмез Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын жогору баалады жана эки министрликтин мындан аркы биргелешкен иштеринин деталдарын талкуулоо үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Министр Варанк менен болгон жолугушууда тараптар Кыргызстанда Уюшкан өнөр-жай аймагын түзүү маселесин талкуулашып, түрк тарап бул долбоордун деталдарын талкуулоо үчүн Бишкекке эксперттик делегация жиберээрин, ал эми кыргыз тарабы жер тилкеси менен камсыздаарын жана ыңгайлуу шарттарды (электроэнергия, суу ж.б.) түзөөрүн макулдашышты. Ошондой эле Министрлер кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.

2021-ж. 7-октябрындагы ТРнын Финансы жана казына министринин орун басары Шакир Эржан Гүл жана Түркиянын "ЭксимБанкынын" Башкы директору Али Гүней менен болгон жолугушууда тараптар Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK