Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Соода палаталар жана биржалар биримдигинин делегациясын республиканын инвестициялык потенциалы менен тааныштырды

2343

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин Вице-президенти Сельджук Озтюрк жетектеген делегациясы менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулады, андан соң тармактык министрлик тарабынан даярдалган бир катар инвестициялык долбоорлордун бетачары сунушталды.

Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана олуттуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

«Биз өз ара соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чечкиндүү кадамдарды жасоого мезгил жетти деп эсептейбиз. Учурда биз экономикадагы жана мамлекеттик башкаруудагы ири реформаларга киришүүдөбүз. Өнөр жай, айыл чарба, текстилдик өнөр жай, гидроэнергетика сыяктуу тармактардагы долбоорлорго өзгөчө басым жасалууда», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Андан соң Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларына республикадагы алтын өндүрүү потенциалы тууралуу маалымат берди.

«Ошондой эле биз Кыргыз Республикасында фабрика жана заводдор бир аймакта жайгашкан индустриалдык зона ачууга кызыкдарбыз. Министрлер Кабинети катары аталган сунушту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тийиштүү колдоону көрсөтөбүз», - деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK