Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борборунун (ANKASAM) Башчысы проф. Мехмет Сейфеттин Эрол менен жолугушту

1959

2021-жылдын 24-ноябрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борборунун (ANKASAM) жетекчиси проф. Мехмет Сейфеттин Эрол менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АНКАСАМ менен Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (КР CИУИ) жана Кыргызстандагы тышкы саясатты изилдөө боюнча башка аналитикалык борборлор ортосундагы кызматташуунун келечеги тууралуу талкуу жүргүзүштү.

Тараптар декабрь айында Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ANKASAM борборунда Элчи Өмүралиевдин баяндамасын уюштурууга макулдашышты.

Кошумча маалымат: ANKASAM - Анкарадa 2016 -жылы түзүлгөн бейөкмөт уюм жана  аналитикалык борбор. Борбордун негиздөөчүлөрү Түркия Республикасынын алдыңкы окумуштуулары, эксперттери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана интеллигенциялары болуп саналат. ANKASAMдын приоритеттери эл аралык аренадагы экономикалык, саясий жана социалдык кризистерди талдоо жана аларды чечүү жолдорун камтыган саясатты иштеп чыгуу. ANKASAMдын негизги ишмердүүлүгүнүн негизги багыты Азия региону болгондуктан, анын алкагында 4 аймактык институт иштейт: Афганистан-Пакистан, Азия-Тынч океан, Борбордук Азия жана Евразия.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK