Элчиликтин имаратында № 9036 шайлоо участкасы ачылды

2049

2021-жылдын 28-ноябрында анкара убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча №9036 шайлоо участогу ачылды.

Кыргызстандын жарандары социалдык аралыкты сактоо жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү менен добуш берүүгө катышууда.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK