12-декабырдагы туулган күнүнө байланыштуу Чынгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы
Урматтуу мекендештер!
Элчилик Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитети менен биргеликте залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 12-декабырда туулган күнүнө карата элесине арналган иш-чара уюштурууда. Иш-чаранын алкагында Кечиөрен муниципалитетиндеги жазуучунун атындагы сейил бакта жайгашкан эстелигине гүл коюу аземи өтөт.
Кыргыз элинин чыгаан уулунун элесин эскерүү иш-чарасына катышууга чакырабыз.
Күнү жана убактысы: 2021-ж. 12-декабрында саат 12:00дө
Өткөрүү жери: Кечиөренде Ч.Айтматов атындагы паркта
Дарек: İncirli Mahallesi Barışyolu Caddesi No8/Keçiören (Аnkara)