Элчи Кубанычбек Өмүралиев OSTIM Уюштурулган өнөр-жай аймагынын OSTIM ENERJIK аттуу кластерине бириккен энергиянын кайра жаралуучу булактары жана экологиялык технологиялар тармагындагы компаниялар тобунун өкүлдөрү менен жолугушту

2220

2021-жылдын 7-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев OSTIM Уюштурулган өнөр-жай аймагынын OSTIM ENERJIK аттуу кластерине бириккен энергиянын кайра жаралуучу булактары жана экологиялык технологиялар тармагындагы компаниялар тобунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар OSTIM ENERJIKтин 11 компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегациянын Кыргызстанга боло турган иш сапарын жана анын алкагында көздөлгөн Кыргызстандык ишкерлер менен B2B жолугушууларын талкуулашты.

Элчи Өмүралиев түрк тарабына энергетика тармагы жана Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Элчи өлкөбүздүн гидроэнергетикадагы потенциалы чоң экенин белгилеп, чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алууга мамлекет 10 жылдык кепилдик берерин белгиледи. Ошондой эле Элчи Өмүралиев ЕАЭБ жана Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) программасынын алкагында Европа Биримдигинин базарларына өндүрүлгөн продукцияны бажы төлөмдөрсүз экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, биздин өлкөдө региондун башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу салыктардын төмөндүгү жана бизнес жүргүзүү үчүн либералдык мыйзамдар бар экендиги тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандагы бардык кызыкдар ишкерлер жана компаниялар OSTIM Enerjik менен 2021-жылдын 14-декабрындагы Бишкек шаарында Дамас мейманканасындагы түрк ири компаниялардын катышуусунда өтүүчү бизнес жолугушууга чакырылат. Катышууну каалагандар +996 772 710 333 жана +996 312 300 232 номерлери аркылуу байланышып, төмөнкү шилтеме аркылуу катталса болот https://forms.gle/CDmQa3xbmQm3pPH56 .

Маалымат үчүн: OSTİM Enerjik энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбага ээ жана таанымал уюм. OSTİM Enerjik жөнүндө көбүрөөк маалыматты http://www.ostinerjik.com сайтынан алсаңыздар болот.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK