Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовду эскерүү аземи өттү

2046

2021-жылдын 12-декабрында Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уулу жазуучунун айкели тургузулган анын атындагы паркта эскерүү иш чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Кечиөрен муниципалитетинин Мэри Тургут Алтынок, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Билал Чакыжы, Анкарадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, студенттер, ММКнын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышышты.

Иш чарада Элчи К.Өмүралиев менен Мэр Т.Алтынок сөз сүйлөшүп, анда Чыңгыз Айтматов азыркы замандын эң көп окулган авторлорунун бири болгонун, ошондой эле кыргыз, түрк жана дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкондугун белгилешти.

Иш чаранын алкагында жазуучунун эстелигине коюу аземи өттү. гүл

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK