Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын парламентинин мурдагы төрагасы жана тышкы иштер министри Хикмет Четин менен жолугушту

2071

    2021-жылдын 13-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев элчиликте Түркиянын парламентинин мурдагы төрагасы жана тышкы иштер министри Хикмет Четин менен жолугушту.

Кошумча маалымат: Х.Четин түркиялык саясатчы, мамлекеттик ишмер. 1991-1994-жылдары Түркия Республикасынын тышкы иштер министри, 1995-жылы Түркия Республикасынын вице-премьер-министри, 1997-1999-жылдары Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы, 2003-2006-жылдары НАТОнун Ооганстандагы жарандык өкүлү, 1995-жылы Республикалык элдик партиянын төрагасы болуп шайланган.

      Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын маанилүүлүгүн белгилешти. Ошол тарыхый күнү, 1991-жылдын 23-декабрында тиешелүү Протоколго түрк тараптан Хикмет Четин кол койгон.

   Хикмет Четин дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы тарыхый чындык экенин белгиледи.

     Элчи Кубанычбек Өмүралиев Эгемендүүлүк жылдарындагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө токтолуп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты баса белгиледи.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK