Элчи Кубанычбек Өмүралиев Конья шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту

2132

Коньяга болгон иш сапардын алкагында 2021-жылдын 14-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев аталган шаарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту. Жолугушууга Элчиликтин демилгеси менен Конья аймагынын Миграция иштери боюнча башкармалыгынын Директору Зеки Афшин Бузжу катышты.

Жолугушууда Элчи Өмүралиев жарандарды коргоо боюнча КРнын Өкмөтү жана Элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, Конья аймагынын губернатору Вахдеттин Озкан менен болгон жолугушуусу жөнүндө  маалымат берди жана  жарандардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

Мындан тышкары Конья аймагынын Миграция иштери боюнча башкармалыгынын Директору Бузжу менен биргеликте Түркиядагы КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маселелер талкууланды. Түрк тарабынан Кыргызстандын жарандарынын жашап туруу жана жумушка уруксат алуу шарттары боюнча  көптөгөн суролоруна жооп берилди.

Элчи Өмүралиев аталган аймакта расмий кыргыз диаспорасын түзүү боюнча жарандардын демилгесин колдоп, аны расмий каттоо маселесине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK