Элчи Кубанычбек Өмүралиев Селчук Университетинин Ректору проф. д-р. Метин Аксой менен жолугушту
Коньяга болгон иш сапардын алкагында 2021-жылдын 14-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Селчук Университетинин Ректору проф. д-р. Метин Аксой менен жолугушту.
Тажрыйба, окутуучулар жана студенттер менен алмашуу максатында, ошондой эле университеттин Түркиянын айыл чарба багытындагы алдыңкы университеттеринин бири экенин эске алып, тараптар бул жаатта Кыргызстандын ЖОЖдору менен достук мамиле түзүү аркылуу кызматташууну макулдашышты.
Мындан тышкары жолугушууда Элчи Өмүралиев кыргызстандык студенттерге түрдүү иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн: Селчук университети 1975-жылы негизделип, Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп саналат. Учурда университетте 70 миңден ашык студент билим алат. Университетте 23 факультет жана 6 институт бар.