Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту

2544

2021-жылдын 16-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Амреев Элчиге ТМУнун Катчылыгынын ишмердүүлүгү, анын ичинде ү.ж. 12-ноябрында Стамбул шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык түзүлгөн Түрк инвестициялык фонду боюнча маалымат берди.

Элчи Өмүралиев Инвестициялык фондду түзүүнүн маанилүүлүгүнө жана аталган Фонддун башкы кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруу боюнча Кыргызстандын сунушуна көңүл бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK