Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялады

2526

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялады. Бул боюнча резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Пленардык жыйынында кабыл алынды.

Резолюциянын долбоорун кароо алдында, аны тааныштыруу үчүн кыргыз тарабына сөз берилди. Бийик трибунадан сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы дипмиссиясы 2022-жылды тоолор жылы деп жарыялоо демилгеси 2021-жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жалпы дебаттарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан сунушталганын билдирди. Бул демилге 2002-жылы Бишкекте өткөн Биринчи Глобалдык тоолор саммитинин 20 жылдыгына карата көтөрүлгөн.

Резолюция БУУга мүчө мамлекеттерге, анын тутумуна кирген уюмдарга, андан башка эл аралык уюмдарга жана кызыкдар тараптарга, алардын арасында жарандык коомчулукка, жеке секторго жана билим берүү, илимий коомчулуктун өкүлдөрүнө тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматты жайылтуу жана ошондой эле тоо экосистемаларын сактоо жана туруктуу өнүктүрүү максатында Эл аралык жылды тийешелүү түрдө белгилөөнү сунуштайт.

Аталган документ — быйылкы жылдын эсебинен Кыргыз Республикасынын демилгеси менен кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө арналган үчүнчү резолюция. Биринчи резолюция “Жаратылыш чек араларды тааныбайт...” деген аталышта 16-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында кабыл алынган, ал эми экинчиси “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана изилдөөнү күчөтүү” деген аталыш менен 23-ноябрда ЮНЕСКОнун Башкы Конференциясынын 41-сессиясында кабыл алынган.

Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы жөнүндөгү резолюция БУУнун бардык мүчө мамлекеттери тарабынан бир добуштан кабыл алынды. 93 мамлекет бул документке тең-демөөрчүлүк көрсөттү.

Аталган резолюцияны жүзөгө ашыруу иштеринин алкагында Тышкы иштер министрлиги келерки жыл ичинде 2023-2027-жж. карата “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын” Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынуусу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин илгерилетмекчи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK